БЕРЕНЕ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Домбура, гитар ж. б. ушуга окшогон музыкалык аспапта күүнү, обонду мукамга келтире турган муунактар. Тилиңдин басып көрүп беренесин, Таңдайын кубулжутуп сайрап берсин (Токомбаев). 2. Өлчөмдүү баскыч. Басар жолдун жазынан күзү жакын, Буурул тартып баратат кара чачым. Беренесин өмүрдүн санай берем (Байзаков).